КАБАРДАЛАР
КАБАРДАЛАР (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Респ-нын жерг. калкы. Россиянын Краснодар, Ставрополь, Түн. Осетия аймактарында, о. эле Түн. Америка, Батыш Европа ж-а Түш.-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, а. и. Кабарда-Балкарияда 498,7 миң киши (2008). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер, моздоктук К. православие динин тутушат. Этностук негизин адыгелер ж-а черкестер түзөт. К-дын ата-бабалары – Түн. ж-а Түн.-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зихтер (1–6-к.), черкестер (13–19-к.). К. 13–15-к-да өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-ж. К. өз ыктыяры м-н орус мамлекетинин курамына

кирген. Негизги кесиби – дыйканчылык ж-а мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимдери алтын м-н жасалгаланган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук катары максым кеңири колдонулат.