КАБАРДА-БАЛКАРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАРДА-БАЛКАРИЯ , К а б а р д а-Б а л к а р Р е с п у б л и к а с ы Россия Федарациясынын субъектиси. Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түштүгүнөн Грузия м-н чектешет. Аянты 12,5 миң км2.. Калкы 891,3 миң (2008); негизинен кабарда (48,2%), балкар (9,4%), орус (32%), украин (1,7%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 62,4 киши. Ислам (мусулман), о. эле правосла­вие ж-а протестант диндерин тутат. Адм.-айм. жактан 9 районго, 8 шаарга, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Нальчик ш. Шаар калкы 56,6%. Ири шаарлары: Прохладный, Тырныауз.
Түш. Федерация округуна кирет. Мамл. бий­ликтин органдар системасы 1997-ж. кабыл алын­ган Кабарда-Балкариянын конституциясы та­рабынан аныкталат. Мамл. башчысы – прези­дент. Парламенти 2 палатадан (өкүлдөр ж-а мый­зам чыгаруу) турат.
Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экол. абалы канааттандырарлык. Республика Чоң Кавказдын түн. капталында, Кабарда түздү­гүндө жайгашкан. О. эле респ-нын аймагынан Чоң Кавказдын эң бийик жери Эльбрус чокусу (бийикт. 5642 м; Россиянын да эң бийик жери) орун алган. Респ-нын аймагынын 33%ин түз­дүк ээлейт. Январдын орт. темп-расы түздүктө­рүндө –2...–5°С (кээде –32°Сге чейинки суук бо­лот), тоолуу аймагында –11°С, июлдуку 21– 24°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 300– 400 ммден 500–600 ммге, тоо этектеринде 900– 1100 мм, бийик тоолорунда 2400–3000 ммге че-

Чоң Кавказдагы эң узун мөңгү – Безенги.

йин. Көптөгөн минералдуу булактары ж-а 2172ге жакын агын суулары (жалпы уз. 5470 км; Зол­ка д-нан башка) бар. Дарыялары: Терек, Мал­ка, Баксан. Түздүктөрүндө негизинен кара, тоо­лорунда күрөң тоо-токой ж-а тоо-шалбаа топу­рагы басымдуу. Талаа ландшафты өрдөгөн са­йын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб), субальп ж-а альп шалбаасына өтөт. Мөңгүлөрү бар. Кен байлыктарынан нефть, вольфрам, мо­либден, коргошун, цинк, алтын, калай, бенто­нит чопосу, курулуш материалдар сырьёсу, таш көмүр казылып алынат.
Бул аймакка кабардалар ж-а балкарлар 13– 15-к-да эле отурукташа баштаган. 1557-ж. Ка­барда, 1827-ж. Балкария Россиянын курамына кирген. 1921-ж. Кабарда АОсу, 1922-ж. Кабар­да-Балкар АОсу түзүлүп, 1936-жылдан Кабар­да-Балкар АССРи болгон. 1944-ж. Балкария ав­тономиясы жоюлуп, балкарлар респ-нын айма­гынан күч м-н чыгарылган. 1957-ж. Кабарда-


Балкар АССРи калыбына келтирилген. 1992-ж. 5-январда респ-канын алгачкы президенти шай­ланып, 1992-ж. 10-мартта учурдагы аталышы кабыл алынган.
Республика Россияда өнүккөн тамак-аш ж-а тоо-кен казуу ө. ж. ишканалары м-н өзгөчөлө­нөт. РФте жемиш мөмөлөрүн жыйноо б-ча 8- орунда (жалпы РФте жыйналгандын 3,2%и), жүн өндүрүү б-ча 11-орунда (2,2%). К.-Б. – тоо­лыжа спорту, бийик тоо туризми ж-а альпи­низм б-ча негизги аймактардын бири. Регион­дун дүң продукциясынын көлөмү 21389,9 млн рубль. Андагы а. ч-нын үлүшү 32,9%, ө. ж-дыкы 17% (2001). Чарбасы дан эгиндерин ж-а тех. өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, сүт, сүт-эт багытында­гы мал асыроого багытталган. А. ч-га жарак­туу жери 665,0 миң га (жалпы жер фондусунун 53,2%и), а. и. айдоо аянты 310,8 миң га (47,7%). Дан эгиндери (66,2%, буудай, жүгөрү, арпа), тоют өсүмдүктөрү (20,7%) өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, же­миш өстүрүү ж-а асыл-тукум жылкы (кабарда тукуму) асыроо, аарычылык өнүккөн. Ө. ж-нын негизги багыттары: тамак-аш (40,4%, жашыл­ча-жемиш, ликёр-арак, кондитер, спирт, мине­ралдуу суулар ж-а алкоголсуз ичимдиктер), ма­шина куруу ж-а металл иштетүү (26,8%; ири ишканалары – «Машина куруу з-ду» ААК, «Кав­казкабель» ЖАК, «Терекалмаз» ААК), түстүү ме­таллургия (5,8%; «Гидрометаллург» ААК), ку­рулуш материалдары (3,7%). Т. ж-нун уз. 133,3 км, автомобилдики 3101,6 км (а. и. 1968,5 кми асфальтталган). Респ-нын аймагы аркылуу Түн.-Кавказ т. ж. тармагы, «Кавказ» федерациялык автомагистралы өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Респ-да 301 жалпы билим берүүчү, 28 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 7 ЖОЖ (а. и. ун-т; филиалдар м-н), 5 театр (а. и. муз., куурчак), филармония, 2 бий ж-а ыр-бий ансамбли, 11 музей (а. и. Кайсын Кулиевдин үй-музейи ж. б.), 3 китепкана (а. и. азиздер үчүн) бар.


Ад.: Кабардино-Балкария//Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Р. Карачалова.