КАБА-САЙ ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА-САЙ ОФИКАЛЬЦИ́Т КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Каба кыш-нан 12 км чыгышта, Курама кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында, Каба-Сай суусунун сол өйүзүндө. Кен аймагын карбондун акиташ теги м-н мрамору түзөт. Кооз таштар офит, офикальцит, людви­гит жука катмарча, линза (3Ч10 м) түрүндө аки­таш м-н мрамордун арасында жатат. Офикаль­циттин сайкалданган бети күзгүдөй жалтырап тунук, саргыч түскө бөлөнүп, өтө кооз көрүнөт. Людвигит өңү кара, сары темгилдүү. Асыл ж-а кооз таштар катары пайдаланууга болот. Бол­жолдуу запасы 0,5 миң м3.