КАБА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Талды-Булак айыл округу-


нун борбору. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон – Арстанбап жолунун боюнда, деңиз деңг. 1220 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Базар-Коргон кыш-нан 23 км түн. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 1001 (2009); негизинен токойчулукта эм­гектенип, дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, поч­та түйүнү, амбулатория бар. Тегирмендер, мон­чо, соода түйүндөрү турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар иштейт.