КАБДОЛОВ
КАБДОЛОВ Зейнолла (12. 12. 1927, Атырау обл., Макат обл., Доссор – 2006, Казакстан) – жазуучу, ад-т таануучу, филология илимд. доктору (1970), проф. (1972), Казак ИАнын академиги (1989), Казак эл жазуучусу (1994), Казакстан Респ-нын (1984) ж-а КРдин (1995) илимине эмг. сиң. ишмер. 1950-ж. Казак мамл. ун-тин бүтүрүп, 1950–62-ж. аталган окуу жайда ассистент, улук окутуучу, 1962-жылдан доцент, 1975–2001-ж. кафедра башчысы болуп иштеген. «Жылдыз» адабий журналынын редактору (1954–57), Казак КП БКда сектор башчысы (1957–59), «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан жазуучулар союзунун секретары (1959–61) болгон. Ал – «Жалын» (1970) романынын, «Менин Ауэзовум» аттуу роман-эссенин (Казак мамл. сыйл., 1998), о. эле «Чеберчилик мектеби» (1964), «Сөз өнөрү» (1970, 2002) аттуу ил. эмгектердин автору.
Ад.: Зейнолла Кабдолов – устат, илимпоз, жазуучу. А.-А., 2002; Биобиблиографиялык көрсөткүч. А.-А., 2002.
А. Садыков.