КАБЕЛДИК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЕЛДИК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ – сүрөттүү ж-а үндүү сигналды кабель аркылуу тиешелүү булак­тардан кабыл алгыч аппаратка чейин жет­кирүүчү ж-а керектөөчү спутниктик байланыш системасына кошуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү канал. Коммуналдык антеннанын пайдаланы­шына жараша кабелдик телекөрсөтүү коллек­тивдик антенналуу телекөрсөтүү деп да аталат. Биринчи жолу АКШнын бир катар шаар­ларында колдонулган. Азыр К. т. дүйнөнүн бир канча мамлекеттеринде, о. эле Кырг-нда (Ала – ТВ, «Долон ТВ») иштейт. К. т. борб. антенна аркылуу берилген сигналдарды кабыл алып, күчөтүп, коаксиалдык кабель аркылуу үйлөргө бөлүштүрөт. Алгач бул система телекөрсөтүү станциясы жок ж-а сигналдарды начар кабыл алуучу аймактарда колдонулган. Негизинен көп кабаттуу үйлөрдө жалгыз антеннанын жарда­мы м-н бардык кабыл алгычтарды тейлөөгө болот. Бир кабель 40тан ашык телекөрсөтүү каналдары аркылуу берүүнү камсыз кылат.


Ад.: Косарский Ю. С. Кабельное и спутниковое телевидение. СПб., 2003.