КАБЕЛЬ
КА́БЕЛЬ (голл. kabel – аркан, трос) э л е к т рд и к – ток өткөргүч бир же бир нече зым. Кабель электр энергиясын (күчтүк К.), байланыш (байланыш К.), билдирүү (радио жыштык К.) сигналдарын аралыкка берүүдө, бөлүштүрүүдө, ар кандай электр-тех., радио-электрондук түзүлүштөрдү, приборлорду туташтырууда (көзөмөлдөөчү ж-а өлчөөчү К.) колдонулат. К-дин түзүлүшү анын орнотулуу ж-а пайдаланылуу шартына: жер ж-а суу астында, абада, хим. активдүү чөйрөдө, жогорку ж-а төмөнкү темп-рада, өтө нымдуулукта жайгаштырылышына жараша болот. К. ток өткөрүүчү зымдардан, ороочу кабыкчадан ж-а сырткы сактагыч кабык сыяктуу негизги элементтерден турат. Ток өткөрүүчү зымдары, салыштырма каршылыгы өтө төмөн болгон жез, алюминийден жасалып, ийүү, толгоо, чоюу учурунда оңой м-н сынбайт ж-а үзүлбөйт. К-ди ж-а зымдарын ороочу материал катары табигый (каучук, накта жибек ж. б.), жасалма (К. кагазы, вискоза, ацетат жибеги ж. б.) материалдар ж-а синтездик полимер кошундулары пайдаланылат. К-дин кабыкчасы көбүнчө коргошун, алюминий материалдарынан жасалып, ток өткөрүүчү зымдарды хим. жегичтерден, нымдан, жарыктан ж-а мех. урунуудан сактайт.