КАБЕЛЬ ЖАТКЫРГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́БЕЛЬ ЖАТКЫРГЫЧкабелди жер ж-а суу асты б-ча өткөрүүчү жабдуу. Жумушчу тетикте­ри б-ча тилгичтүү, ротордуу ж-а гидравликалык

Тилгичтүү кабель жаткыргыч: 1 – жумушчу тил­гич; 2 – кассета ичиндеги кабелдин сүрүлүүсүн азай­туучу роликтер; 3 – көңдөй кассета; 4 – кабель; 5 – кабелдүү барабандар; 6 – алдыңкы тилгич.

болуп бөлүнөт. Тилгичтүү К. ж-тын негизги те­тиги – эки тилгичи. Биринчиси алдына орноту­луп, тилгич туш келген өсүмдүк тамырын кыр­кып, кыртышты жумшартат ж-а таштан арыл­тат. Экинчи тилгичи тереңдиги 1,5 м келген кабель арыкчасын казат. Тилгичтүү К. ж-ты


атайын трактор сүйрөйт. Ротордуу К. ж-та ка­бель жаткырылуучу арыкты өзү жүрүүчү ротор­дуу экскаватор казат, ага чиркелген арабача кабелди сүйрөйт. Гидравликалык К. ж. суунун түбү м-н кабель өткөрөт. Кемеге орнотулган на­состун жардамы м-н суунун түбүндө арыкча ка­зылып, ага кабель, түтүк м-н түшүрүлүп, жат­кырылат.