КАБО-ВЕРДЕ
КА́БО-ВЕ́РДЕ , К а б о - В е р д е Р е с п у б л ик а с ы – Африканын батыш жээгине жакын

жайгашкан өлкө. Атлантика океанындагы Жашыл Тумшук а-нан орун алган (бардыгы 18 арал, анын 9унда эл жашайт). Аянты 4033 км2. Калкы 499,4 миң (2008). Борбору – Прая (Сантьягу а-нда). Расмий тили – португал тили. Акча бирдиги – эскудо. Адм. жактан эл жашаган аралдары 17 муниципалдык округга бөлүнөт (к. таблицаны).
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)К.-В. – БУУга (1975), Африка биримдиги уюмуна (1975; 2002-жылдан Африка союзу), Бейтарап кыймылына (1975), ЭВФке (1978), Батыш Африка өлкөлөрүнүн экон. биримдигине (ЭКО-ВАС; 1975), Португал тилинде сүйлөгөн өлкөлөр коомуна (ПАЛОП; 1996) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К.-В. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-ж. 25-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, түздөн-түз жалпы элдик шайлоодо 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея). Саясий партиялардын тизмеси б-ча 5 жылга шайланат, 66дан 72ге чейинки депутаттан турат. Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президент тарабынан дайындалат. Калган министрлерди ж-а мамл. катчыны премьер-министрдин сунушу м-н президент дайындайт. Өкмөт Улуттук ассамблеянын алдында жоопкерчиликтүү. К.-В-де көп партиялуу система орун алган. Жетектөөчү саясий партиялары: Кабо-Верде көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИКВ), Демократия үчүн кыймыл (ДМД), Демокр. биримдик үчүн партиясы (ПДЕ).
Табияты
. Жашыл Тумшук а. жанартоодон пайда болгон. Жээктери негизинен тик, аскалуу; ыңгайлуу гавандары аз, эң ириси – Сан- Висенти а-ндагы Минделу булуңу (өчкөн жанартоонун суу астындагы кратери). Аралдардын басымдуу бөлүгүнө тилмеленген тоолуу рельеф мүнөздүү. Өлкөнүн эң бийик жери – Фогу а-ндагы жанартоо (2829 м). Чыгыш бөлүгүндөгү аралдары (Сал, Боа-Вишта, Маю) рельефинин кый-

ла түзөңдүгү м-н айырмаланат, бийикт. 436 мге чейин. Бузулган жанартоо конустары ж-а кальдералары, лава платолору кеңири таралган. Тропиктик пассаттык климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айларынын (сентябрь–октябрь) орт. темп-расы жээктеринде 24–26°С, эң суугунуку (январь-февраль) 21–22°С, тоолордо темп-ра 3– 4°Сге төмөн. Аба ырайы жылдын басымдуу мезгилинде кургак ж-а ачык, октябрь – июнда харматан деп аталган кургак ж-а ысык шамалдын таасири астында турат, август – октябрь – жаанчыл мезгил. Жаан-чачындын өлчөмү (жылына 300 ммге чейин) жылдар б-ча бирдей эмес, кургакчылык басымдуу, тоолордо нөшөрлөгөн жамгырдан кыртыш жуулуп кеткен учурлар да болот. Ири аралдарында мезгил-мезгили м-н соолуп калуучу кыска суу тармактары арбын. Калыбына келип туруучу суу ресурстары өтө аз (0,3 км3); өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 634 м3 суу туура келет. Чарбада негизинен жер астындагы суу пайдаланылат. Суунун 90%и а. ч-нда (сугат жеринин аянты 1821 га), 7,3% коммуналык-тиричилик чарбасында, 1,8%и ө. ж. ишканаларында керектелет. Жери а. ч-нда көп жылдар бою ж-а сарамжалсыз пайдаланылгандыктан, антропогендик чөлдөшүүгө кыйла дуушарланган. Жер кыртышы эрозиядан өтө жабырланып, таштак топурактар кеңири таралган. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө жарды, ксерофиттик дарак ж-а бадал өсүмдүктөрү (ажыдаар дарагы, сидероксилон) тоолордун жетүүгө татаал жерлеринде гана кездешет. Дарак өсүмдүктөрүн (акация, эвкалипт) ж-а эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуунун эсебинен өлкөдөгү токойлуулук азыр 20%ке жеткен. Жаныбарлар дүйнөсүнө да жарды (жапайы болуп кеткен эчкилер, жашыл мартышка, кемирүүчүлөрдүн бир нече түрү); орнитофаунасы кыйла ар түрдүү (куштардын 40тан ашык түрү уялайт). Жээк суусу балыкка бай. 2003-ж. коргоого алынган табигый аймактын улуттук системасы түзүлгөн (жалпы аянты 1 миң га).
Калкы
. Креол-кабо-верделиктер өлкөнүн калкынын 73%ин түзөт; атлантика тилдеринде 24,4%и сүйлөйт; португалдар 2%. Калкынын жылдык орт. өсүүсү 0,6%. Төрөлүү (1000 тургунга 24,4 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 6,5 адам) 4 эсе ашык. Калктын 56,4%и эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаш), балдар (14 жашка чейинки) 36,9%, 65 жаштан ашкандар 6,7%. Калкынын орт. курагы 20,2 жаш. Жашоонун күтүлгөн орт. узактыгы 71 жыл (эркектердики – 67,7, аялдардыкы – 74,4 жыл). Калкынын 95%и христиандар – көбү католиктер, о. эле протестанттар да бар. Өлкөнүн калкынын 82%тейи 3 аралда (56%и Сантьягу а-нда) жашайт. Шаар калкы 22% (2007). Ири шаарлары: Прая (калкы 124,7 миң; 2008), Мин-

делу (74,6 миң; Сан-Висенти а-нда), Санта- Мария (20,1 миң; Сал а-нда), Педра-Бадежу (10,0 миң; Сантьягу а-нда), Сан-Филипи (8,2 миң; Фогу а-нда).
Тарыхы
. 12-к-да алгачкы жолу Жашыл Тумшук а-дары ж-дө араб саякатчысы Идриси эскерген. Кийин венециялык деңиз саякатчысы А. Кадамосто (1455–56), португал саякатчылары Д. Афонсу, Д. Гомиша ж-а А. Нолилер (1455– 60) аркылуу бул аралдар европалыктарга кеңири таанылган. 1462-ж. Жашыл Тумшук а-на португалдар келип, Сантьягу а-на алгачкы европ. Рибейра-Гранди кыш-н (1533-жылдан шаар) негиздешкен. 1466-жылдан аралдарды португалдар ээлеп, 1495-ж. Португалиянын колониясы деп жарыяланган. 1564-жылдан Португалия королдугуна баш ийген. 16-к-да аралдарга каракчылар кол салып турган (1585-ж. Ф. Дрейк баштаган англис каракчылары Рибейра-Гранди кыш-н тоноп кеткен). 15-к-дын аягы – 16-к-дын башында Жашыл Тумшук а-дары Африканын Гвинея жээгиндеги кул сатуу борборунун бирине айланган. 1581-жылдан арал Испания ээлиги, 1640-ж. кайрадан Португалиянын колониясы болуп калган. 1650–1879-ж. португалиялык Гвинея (Бисау) м-н бириккен. 17-к-да аралдарда плантациялык чарба өнүгүп, пахта, индиго, жүгөрү, 19-к-дан кофе өстүрүлгөн. Кул сатууга тыюу салынып (1876), аралдын экономикасы начарлап, жерг. эл (өзгөчө андан пайда таап тур-

ган португал колониячылардын көбү) Сенегал, АКШ, Бразилия, Аргентина ж. б. өлкөлөргө массалык түрдө көчө баштаган. 1951-ж. Жашыл Тумшук а. деңиздин ары жагындагы Португалия провинциясы статусун алган. 20-к-дын ортосунда бул аралдарда көз каранды эместик үчүн улуттук-боштондук кыймыл башталган. 1956-ж. Көз карандысыз африкалык партия [1960-жылдан Гвинея ж-а Кабо-Верде а-нын көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИГК) деп аталган] түзүлүп, анын генералдык секретарына А. Л. Кабрал шайланган. 1961-ж. аралдын тургундары Португалиянын жарандыгын алган, бирок көз каранды эместик үчүн күрөш (1963- жылдан партизандык согушка айланган) улана берген. Португалиядагы Апрель рев-ясынан (1974) кийин аралда согуш аракеттери токтоп, 1974-ж. ноябрда ПАИГК партиясынын өкүлдөрү ж-а португалиялык өкмөт Жашыл Тумшук а-дарын көз карандысыз деп таануу ж-дө келишимге кол коюшкан. 1975-ж. июндагы шайлоодо ПАИГК партиясы жеңишке жетип, президент болуп А. М. Перейра шайланган. 1975-ж. 5-июлда көз каранды эмес К.-В. Респ. жарыяланган. Ошол эле жылы К.-В. БУУга мүчө болуп, мурдагы СССР м-н дипл. мамилелерин түзгөн. Конституциялык мыйзам б-ча К.-В. Гвинея-Бисау м-н биригип, бир партиялуу режим түзүлгөн. А. М. Перейранын өкмөтү ири жеке менчик чарбаларды мамлекеттештирип, мамл. чарба ж-а кооперативдерди түзүп, өлкөдөн качып кеткендердин жерин конфискациялап, өлкөнүн а. ч-н өнүктүрүү ж. б. иштерди жасаган. 1980-ж. 14-ноябрда Гвинея-Бисауда мамл. төңкөрүш болуп, ПАИГК бөлүнүп кеткен. 1981-ж. январда К.-В. көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИКВ) түзүлүп, конституциялык мыйзам б-ча К.-В. Гвинея-Бисаудан бөлүнүп чыккан. 1990-ж. мамлекетте көп партиялуу система киргизилип, 1991-ж. январда парламенттик шайлоодо Демократия үчүн кыймыл партиясы (МПД, 1990-ж. түзүлгөн) жеңишке жеткен. Анын өкүлү А. М. Монтейру К-В. мамлекетинин президенти болуп шайланган. 1992-ж. 25-сентябрда өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, көп партиялуу система бекемделген. Монтейрунун өкмөтү рынок экономикасын өнүктүрүү ж-а чет элдик инвестиция киргизүү саясатын жүргүзгөн. 2001-ж. январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ПАИКВ 40, МПД 30 орунду ээлеп, ПАИКВнин өкүлү П. Пиреш К.-В-нин Президенти болуп шайланган. 2006-ж. П. Пирештин президенттик ыйгарым укугу экинчи мөөнөткө узартылган. П. Пирештин жүргүзгөн саясаты экономиканы либералдаштыруу ж-а жакырчылык м-н күрөшүүгө багытталган.
Чарбасы
. ИДПнин көлөмү 3,7 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 7 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүшү 7% (2007). Өлкөнүн аралдарда жайгашуусуна, табигый ресурстарга жардылыгына, тез-тез ж-а узакка созулган кургакчылыкка ж. б. себептерге байланыштуу анын экономикасы начар өнүккөн; көбүнчө импорттук энергия булактарына ж-а азык-түлүккө күнкор. Валютанын кыйла бөлүгүн (ИДПнин 20%ке жакыны) чет өлкөлөрдөгү кабо-верделиктерден түшкөн акча түзөт.
Өлкөнүн экономикасында инвестициянын
(2006-ж. 60 млрд доллар чамасында) ж-а жеңилдетилген кредиттин мааниси зор. Өлкөнүн экон. саясаты жеке менчик секторду чыңдоого, тейлөө
чөйрөсүн (айрыкча чет элдик туризм, аба ж-а суу
транспорту) өнүктүрүүгө багытталган. 20-к-дын аягында 40ка жакын ишкана мамлекеттин менчигинде болгон; 2007-ж. алар бүт (улуттук ТАСV авиакомпаниясынан сырткары) менчиктештирилген же жоюлган. Жеке менчик компаниялардын иш-аракетин мамл. агенттик көзөмөлгө алган. ИДПнин 73,8%и тейлөө чөйрөсүнө, 16,9%и
ө. ж-на, 9,3%и а. ч-на таандык.
Энергетикасы импорттук энергия булактарынын (60%и нефть ж-а нефть продукциялары) негизинде иштейт. 2006-ж. 45 млн кВт⋅с электр
энергиясы өндүрүлүп (эл жашаган аралдарда
электр станциялары дизель м-н иштейт), 41,9 млн кВт⋅с. керектелген. Сал ж-а Маю а-нан жылына 60 миң т дан ашык туз, Санту-Антан
а-нан пуццолан, дагы башка табигый курулуш материалдары ж-а карапа сырьёлору (базальт, акиташ теги, гипс, чопо, каолин) казылып алынат. Декорациялык таштарды иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу ф-калар (Прая ш-нда, Маю ж-а Боа-Вишта а-нда) бар. А. ч. сырьёлорун кайра иштетет; алкоголсуз ичимдик-
терди, пиво, балык унун ж-а консерваларын (Прая, Сал а.), текстиль кездемелерин ж-а бут кийим (Манделу) чыгарат. Кеме ремонттолот (Минделу ш-ндагы Порту-Гранди); деңиз суусун тузсуздандыруучу з-ддор иштейт. Өндүрүштүк ишканалардын 80%тен ашыгы Сантьягу, Сан- Висенте, Сал а-нда жайгашкан.
Тоолуу рельефине ж-а топурагынын күрсүздүгүнө байланыштуу а. ч. аз продукция берет. Азык-түлүктүн 80%тен ашыгы импорттолот же гуманитардык жардам иретинде сырттан келет.
Өлкөнүн аймагынын 11,5% аянты а. ч-нда пайдаланылат. 1990-жылдардагы кургакчылыкта дан эгин эгилген аянттын дээрлик 80%и кыскарган (21-к-дын башында 3 миң га сугат жер болгон). Буурчак, томат, жүгөрү, батат, картөшкө, төө буурчак, о. эле кокос пальмасы, бал камыш, кофе, банан, ананас, манго, жер жаңгак, клещевина өстүрүлөт. Мал чарбасы этке болгон ички муктаждыктын 95%ин, сүткө болгон муктаждыктын 25%ин камсыз кылат. 2000-жылдын башталышында 640 миң чочко, 112 миң эчки, 22 миң уй болгон. Куш чарбасы өнүккөн (жумурткага болгон муктаждыкты толук камсыз кылат). Балык уулоонун мааниси зор (ИДПнин 5%и); жыл сайын 12 миң т чамасында балык кармалат; деңиз продуктуларынын көбү Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.
Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Туристтердин
саны жылдан жылга өсүүдө (1993-ж. 20 миң турист келсе, 2007-ж. ал 320 миңге жеткен). Туризмден түшкөн киреше 50 млн доллардан ашат. Туризмдин негизги түрлөрү: кумдуу пляждарда эс алуу ж-а спорттук сайраңдоо (дайвинг). Банккредиттик система 3 мамл. банкты, борб. банкты, 4 коммерциялык, 3 офшордук банкты, 5 банкка кирбеген финансы ин-тун камтыйт.
Автомобиль жолунун уз. 1,4 миң км. Өлкө аралдарда жайгашкандыктан, анда аба ж-а деңиз транспорттору кеңири пайдаланылат. Негизги порттору: Порту-Гранди (Минделу ш-нда; көбүнчө круиздик лайнерлер келет), Прая, Палмейра (Сал а.). Деңиз соода флоту 8 кемени камтыйт (жалпы 7,7 миң дедвейт; 2007). 8 аэропорту (Илья-Брава а-нан башка бардык аралдарда) бар; эл аралык аэропорттору: Прая (Сантьягу а.), Рабил (Боа-Вишта а.), Амилкар (Сал а.).
Кабо-Верде акчасы.

Сырткы соодасы 827 млн долларды түзүп (2007), анын 727 млн доллары импортко, 100 миң доллары экспортко таандык. Экспортунда деңиз продуктулары, туз, банан, жер жаңгак басымдуулук кылат. Негизинен Испанияга (наркынын 39,4%и), Португалияга (19,3%), Нидерландга (11,3%), Германияга (10,9%), Марроккого (4,1%) экспорттойт. Негизинен нефть продуктуларын, азык-түлүк, машина ж-а жабдууларды Португалиядан (импорттук нарктын 42,2%и), Нидерланддан (10,6%), Испаниядан (6,5%), Италиядан (5,5%), Кот-д’Ивуардан (5,2%), Бразилиядан (4,8%) алат.
Маданияты
. Мектепте б и л и м б е р ү ү системасы Португалиянын таасири м-н калыптанган. К-В-де 6дан 12 жашка чейинки балдар
үчүн акысыз билим берүү киргизилип, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл, толук эмес орто мектеп – 3 жыл, толук орто (лицей) мектеп – 2 жыл. Сабактар 3 багытта жүргүзүлөт: гуманитардык, табигый-ил. ж-а тех. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 81,2%ти түзөт. Негизинен Прая ш-нда ил. мекемелер, ЖОЖдор, китепканалар ж-а музейлер; Сан-Висентиде Деңиз ж-а инж. илимдер ин-ту (1984), Минделуда Пед. ин-т жайгашкан.
К.-В-де жума сайын чыгуучу басылмалар:
өкмөттүк – «Horizonte» (1975-ж. негизделген),
«Boletim Informativo» (1976, португал тилинде) ж-а көз каранды эмес – «A Semana» (1991, португал ж-а анлис тилдеринде). Маалымат агентчилиги – «Inforpress» (1988). 1984-жылдан Теле
көрсөтүүсү, 1975-жылдан радио уктуруусу (португал, француз ж-а креоль тилдеринде) иштейт. Телекөрсөтүүлөрдү ж-а радио уктурууларды
«Radio e Televisao de Cabo Verde» (RTS) мамл.
компаниясы ишке ашырат.
-к-дын 2-жарымынан К.-В-нин а д а б и я - т ы креол ж-а португал тилдеринде өнүккөн. Алгач креоль тилинде Ш. да Куньинин «Сүйүү

кайгысы» романы (1893), португал тилинде Ж. А. ди Алмейданын «Кул» романы (1856) жарык көргөн. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында фольклорго жакын поэтикалык түрдөгү – морна (Э. Тавариш, «Креолдук морна», 1931) ж-а коладейра пайда болгон. 20-к-дын 1-жарымында прозада социалдык проблематика басымдуулук кылган (П. Кардозу, «Гесперид багы» романы, 1928 ж. б.). 1936-ж. «Claridade» журналы негизделип, белгилүү жазуучулар Б. Лопиш, М. Лопиш, акын Ж. Барбоза ж. б. эмгектенишкен. 1960–70-жылдарда рев-ялык маанайдагы поэзия (К. Кунотинин ырлары), 1990-жылдары психол. детектив роман жанры (Алмейда «Эки бир тууган», 1994) жаралган. 20-к-дын 2-жарымынан сүрөт өнөрү өнүккөн. Белгилүү сүрөтчүлөрү: Б. Барруш-Гиззи, Д. Ж. Корвалью, Л. Лопиш, Ж. Миранда, М. Фернандиш, М. Фигуэйра ж-а Ч. Фигуэйра ж. б. Эл ичинде карапа идиштерди кооздоо, жыгачты оюу-чийүү, самандан буюм согуу, токуу, ар кандай кооздуктарды жасоо иштери кеңири таралган.
Ад.: Ряузова Е. А. Португалоязычные литературы
Африки. М., 1972; Григорович А. А., Грибанов В. В. Кабо-Верде. М., 1988; Данилов П. П., Шмельков П. М. Република Кабо-Верде. Справочник. М., 2001; Кабо- Верде // БРЭ. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.