КАБУКИ
КАБУ́КИ – салттык япон театры. Музыка коштогон элдик бийлерден жана драмадан турат. 1603-жылы аялдар труппасы катары негизделген. 1629-жылы адеп-ахлак эрежелерин бузуп жатат деген шылтоо менен жабылган. 1652-жылдан оюндарга өңчөй эркектер катышып‚ алар аялдардын ролун да аткарган. Кабуки театры XVII кылымдын аягы – XVIII кылымдын башында өзгөчө өнүккөн. XVIII кылымдын аягында кабуки өнөрүнүн борбору Киото жана Осака шаарларынан Эдого (азыркы Токио) оогон. Театрда жаңы үрп-адаттарды чагылдырган оюндар‚ тарыхый драмалар коюла баштаган. 1966-жылы кабуки . классикалык театрын сактап калуу максатында мамлекеттик «Кокурицу гэкидзё» театры ачылган. Театрдын спектаклдери СССРде да көрсөтүлгөн: 1928-жылы Садандзи II жана Сётё труппасы, 1961-жылы Итикава Энноскэ II жана Утаэмон VI труппасы келишкен. Заманбап кабуки театрында салттуу канондук спектаклдер менен катар эксперименттик соңку супер кабуки спектаклдери да коюлууда.


