КАБУЛ
КАБУЛ – Афганстандын борбору, шаар. Кабул вилаятынын адм. борбору. Иран бөксө тоосунун түн.-чыгыш четинде, Кабул д-нын өрөөнүндө, деңиз деңг. 1791 м бийиктикте жайгашкан. Кал-

кы 2,4 млн (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. К. аркылуу Ж. Чыгыш м-н Европаны, Ы. Чыгыш м-н Индияны байланыштырган жолдор өтөт. Шаар алгач 2-к-да Птолемейдин эмгектеринде Кабур деп эскерилет. К-ду 9-к-да Саффарилер басып алган. 13-к-да аларды Чынгызхан талкалаган. 1504-ж. Бабур басып алып, ээликтеринин борбору кылган. 1774- жылдан 1818-ж. чейин Кандагар м-н бирге Дурраний мамлекетинин, англис-афган согушунан (1878–80-ж.) кийин Афган мамлекетинин борбору. 1919-ж. февралда эмир Аманулла-хан К-да Афганстандын көз каранды эместигин жарыялаган. 1978-ж. Апрель рев-ясынан кийин
Афганстанга сов. аскер киргизилгенден (1979– 89-ж. Афган конфликти) К-да анын штаб командасы жайгашкан. 1989-ж. февралда сов. аскер чыгарылгандан кийин шаарда ж-а анын четжакасында Афган оппозициясынын отряддары м-н Афганстан элдик-демокр. партиясынын күчтөрүнүн айыгышкан катуу салгылаштары болгон. 1992-ж. апрелде оппозициялык топ К-ду согушсуз ээлеген. 1996-ж. К-да «Талибан» кыймылы түзүлгөн. Афганстанга АКШнын аскерлери киргенде (2001-ж., октябрь) «Талибандын» отряддары шаарды таштап кеткен. 1979-ж. согуш башталганга чейин К-дун экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзгөн. Текстиль, металл иштетүү, жыгаччылык, булгаары-бут кийим ж-а тамак-аш ө. ж. ишканалары, үй куруу комбинаттары иштеген. Шаардын
ө. ж. потенциалы согуштун кесепетинен толугу м-н талкаланган. 21-к-дын башынан анча чоң эмес ишканалар (аскер куралдары, кебез-кездеме, кыл торко, кийим-кече, эмерек, суюлтулган газ, азык-түлүк) иштейт. 2006-ж. «Coca-Cola» з-ду курулуп, ишке берилди. Бир нече мейманкана, заманбап соода борборлору, банктар курулууда. Шаардын четинде ө. ж. зонасы уюштурулууда. Кол өнөрчүлүк (а. и. килем токуу)
өнүккөн. К. – өлкөнүн илим-билим ж-а маданий борбору. УИА, ун-ттер (а. и. Кабул, политех., мед., пед. ж-а Америка), Жакынкы Чыгыш ин-ту, Афганстанды окуп үйрөнүү региондук изилдөө борбору, Улуттук аскер академиясы, бир нече коллеждер, тарыхый-этногр. музей, калк китепканасы, сүрөт галереясы (ислам фундаменталисттери өтө талкалаган), театр ж. б. бар. Бала-Хиссар цитадели (5-к.), Баги- Бабур паркы [Бабурдун күмбөзү жайгашкан (16-к.)], Жахан шахтын мечити (17-к.), Мухаммед Надир-шахтын мавзолейи, король ак сарайы ж. б. сакталган.
Ад.: Кабул.//Все столицы мира. Энциклопедический справочник. М., 2004; Кабул // Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2008.
Т. Чодураев.