КАБЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫК – Ош обл-нун Чоң Алай р-нундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 2680 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Дароот-Коргон кыш-нан 44 км түн.- чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 310 км. Калкы 1001 (2008); негизинен мал багат. Орто мектеп, клуб, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.