КАБЫКТООЧУ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫКТООЧУ СТАНО́К – жыгачтан жука май­да атайын кесиндилерди алууга арналган жаб­дуу. Ал кесиндилер кабыкталган шпон деп ата­лып, кертилген жыгачтан алынат. Кабыктоо учурунда суппортко бекиген бычак, узунунан айланып жаткан жыгачты кесе баштайт. Катмар-катмары боюнча кесилген жыгач үзгүлтүксүз тасма түрүндө болот. Шпондун туруктуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн кабыктоо учу­рунда жыгачты кыскыч сызгыч менен кысып жана гидротехникалык иштеп чыгуудан (мисалы, буулоо) өткөрөт. Кабыктоочу станоктон алынган тасманын калыңды­гы 0,1–10 ммди, кесүү ылдамдыгы 1ден 6 м/сек, кесүү бурчу 27°тан ашпайт. Эмерек жасоодо, ошондой эле фанера жана ширеңке өндүрүшүндө кеңири колдонулат.