КАБЫЛАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАБЫЛАН л е о п а р д (Felis pardus) – мышыктар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 160 смге, куйругу 102 смге, эркегинин салмагы 75 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Денеси булчуңдуу, буттары кыска, жүнү жыш, сары же сары кызыл

түстө, кара тактары бар. Африкада, Кавказда, Түш. Азияда, Түркмөнстандын тоолорунда, Тажикстандын түштүгүндө, Уссури крайында жолугат. Чытырман токойлордо ж-а түздүктө, суу жээктеринде, калың өсүмдүктөрдүн арасында жашайт. Бугу, тоо эчки ж. б. туяктуулар м-н азыктанат. Айрым учурда үй жаныбарларына (кой, жылкы, ит), о. эле куштарга да кол салат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.