КАБЫЛДОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАБЫЛДОО – объективдүү дүйнөнүн сезүү органдарына тийгизген таасиринин натыйжасында пайда болгон нерсенин бирдиктүү образы. Маалыматтарды кабыл алуунун жана кайра түзүүнүн татаал процесси, организмге объективдүү реалдуулукту чагылдырууну жана айлана-чөйрөдө багыт алууну камсыз кылат. Нерсени сезим аркылуу чагылдыруунун формасы катары кабылдоо өз чөйрөсүндө объектини айкындоону, объектидеги айрым белгилерди айырмалоону, андан аракет максатына адекваттуу маалыматтык мазмунду бөлүп алууну, сезимдик сыпаттарды калыптандырууну өз ичине камтыйт.