КАБЫЛДОО-БЕРҮҮ РАДИОСТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫЛДОО-БЕРҮҮ РАДИОСТАНЦИЯСЫ – бир канча радио борборлордо эки багыттуу радио­ байланышты камсыз кылуучу аппаратуралар менен техникалык курулуштардын комплекси. Кабылдоо-берүү радиостанциясынын негизги милдети – башка шаардан (же өлкөдөн), радиостанциялардан берилүүчү радио, телефон, радиотелеграф же радиофототелеграф сигналдарын үзгүлтүксүз жана сапаттуу кабыл­дап, кайра берип, радио байланышты камсыз кылуу. Негизги элементтерине антенна, радио­ бергич жана радио кабылдооч, фидер, ток булагы кирет. Кабылдоо-берүү радиостанциясы толкун диапазону – километрдик, гектометрдик жана башкаалар; байланыш каналдарынын саны – бир же эки жана көп каналдуу; жумуш теги – симплекстүү жана дуплекстүү; мобилдүүлүк деңгээлине жараша алып жүрүүгө мүмкүн бол­гон, жылып жүрүүчү объектилерге (машина, са­молёт, танк жана башкалар) орнотулган түрлөрү бар.