КАБЫРЧЫКТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫРЧЫКТУУЛАР (Squamata) – сойлоочулар түркүмү. Денеси түрдүү мүйүз кабырчык ж-а кал­кандар м-н капталган; анын астында сөөк эбе­лектер (остеодермалар) жайгашкан. Баш сөөгү­нүн чыкый жагы анча-мынча жөнөкөйлөнгөн.
Үстүңкү жаактын чарчы сөөгү көп учурда баш сөөгү м-н кыймылдуу бириккен. Клоакасы туу­расынан кеткен жылчык түрүндө. Эркегинин копулятив жуп органы клоакасынын бир же эки жагында жатат. Көпчүлүк К-дын (кескел­дириктер ж-а жыландар) жумурткасында жум­шак пергамент сымал кабыгы бар ж-а белок кабыгы (башка сойлоочулардай эле) болбойт. К-дын 4 түркүмчөсү – кескелдириктер, амфисбе­налар, хамелеондор ж-а жыландар бар. 6600дөн ашык түрү Антарктидадан башка бардык кон­тиненттерде таралган.