КАБЫРЧЫКТУУ ЧАКАЛАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫРЧЫКТУУ ЧАКАЛАЙ , п с о р и а з – теринин көп жолугуучу жугуштуу эмес оорусу.
Бул оорунун себеби толук аныктала элек. Оору­нун өнүгүшүнө нерв ж-а эндокрин системалары­нын, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Ал – тукум куума оору. Бул оорунун башталы­шында (кайсы гана жашта болбосун) териде, көбүнчө чыканакта, тизеде кызгылт же кызыл түстөгү майда тактар пайда болот, ал ак кабыр­чыктар м-н капталып, оңой ажырайт, бул ка­бырчыктар сыйрылганда теринин үстү кызгыл­тым тартып, жылтырап, канталап калат. Так­тар бири-бирине кошулуп, акырындык м-н чо­ңоёт. Оору күчөп турган мезгилде дене ысыйт, бездер чоңоюп, муундар жабыркайт. Тырмак­тардын өңү өчүп, калыңдайт, анда чекиттей чуңкурчалар пайда болот. Нерв-психикалык травмада, диета бузулганда, ар кандай оорудан организм начарлаганда мезгили м-н жаңы­рып, күчөп турат. Жай мезгилинде жакшы болуп калат. Ооруну дарылоо врачтын көзөмө­лүндө жүргүзүлөт. Мал майын, углеводду (кант, картөшкө, ак нан) аз пайдалануу, сүт, жашыл­ча диетасы сунуш кылынат. Оорулуунун жы­луу климатта, деңиз жээгинде болушу пайда­луу, анткени күнгө кактанып, деңизге түшүү, жер которуп эс алуу жакшы таасирин тийгизет.