КАВАБАТА
КАВАБА́ТА Ясунари (11.6.1899, Осака – 16. 4.
1972, Дзуси) – япон жазуучусу, Япония иск-во академиясынын мүчөсү (1953). Токио ун-тинин филология бөлүмүн бүтүргөн (1924). Алгачкы
чыгармасы – «Идзулук бийчи» аңгемеси (1926).
К. дүйнөнү акыл-эс м-н кабылдоону четке каккан ж-а табигый, жөнөкөйлүк принциптерин жактаган дзен эстетикасын тутунган жазуучу болгон. Анын көркөм стилинин бөтөнчөлүгү поэтикалык ассоциация м-н байланышкан новеллалардан турган, япон адабий сынында азыркы лирикалык прозанын туу чокусу катары бааланган «Карлуу өлкө» повестинен (1937) көрүнөт. К. – «Миң канаттуу турна» (1949) повестинин, «Тоолор үнү» (1953), «Эски борбор» (1961) романдарынын автору. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине, а. и. айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Нобель сыйл. лауреаты (1968).
Чыг.: Избранные произведения. СПб., 2002; Старая столица. Роман. Рассказы. М., 1984; Миң канаттуу турна. Ф., 1977; Бамбук үнү, шабдалы гүлү // Ала- Тоо, 1979.
Ад.: Федоренко Н. Т. Кавабату Ясунари. М., 1978; Герасимов М. П. Бытие красоты. Традиции и современность в творчестве Кавабата Ясунари. М., 1990.