КАВАСАКИ
КАВАСА́КИ – Япониядагы шаар. Канагава префектурасында, Токио агломерациясына кирет. Хонсю а-нын борб. бөлүгүнүн түш. тарабында, Токио булуңунун батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2008). Жолдор тоому. Япониядагы ири порттордун бири (жылына 91,4 млн т жүк ташылат). Кисарадзу ш. м-н «Аквалайн» транспорт курулмасы [1989–97; дүйнөдөгү эң узун суу астындагы автомобиль тоннели (уз. 9,5 км), көпүрөсүнүн уз. 4,4 км; суткасына 23 миңге жакын автомобиль өткөрө алат] м-н байланышат. Алгач 17-к-дан эскерилет. Хейкендзи будда (1127; жылына 2–3 млн адам зыяратка келет), Вакамия-Хатиман синтоист храмдары, ун-ттер, музейлер, табигый-ил. планетарий (балдар үчүн) бар. Маанилүү ө. ж. борбору. Нефть ажыратуу, нефть-хим., тамак-аш, транспорттук машина куруу (а. и. кеме куруунун ири борбору), электр-тех., электроника ж-а атом ө. ж. үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары, болот куюучу з-ду иштейт. Зоопарк, парк (анда ачык асман астындагы этногр. музейи уюштурулган), Дайси паркында Япониядагы кытай стилиндеги «Синсю-Эн» (1987) эң ири ландшафт багы, корей кварталы бар.