КАВИТАЦИЯ
КАВИТА́ЦИЯ (лат. cavitas – боштук, көңдөйчө) – суюктуктагы газ, буу же алардын аралашмасы м-н толгон майда көңдөйчө (көбүкчө же каверн). К. суюктукта басым белгилүү бир кризистик мааниден (ркр) төмөн болгон чекитте пайда болот. Суюктукта ркр чоңдугу ал суюктуктун берилген темп-радагы каныккан буунун басымына барабар. Эгерде басым агымдагы ылдам-
дык көбөйгөндө төмөндөсө, анда гидродинамикалык К., ал эми өтө ургаалдуу үн толкундары
өткөндө пайда болсо, акустикалык К. деп аталат.
Гидроди н а м и к а л ы к К. реалдуу суюктуктарда ар дайым белгилүү санда газдын же буунун көбүкчөлөрү пайда болот. Алар суюктук м-н бирге агып, басым р<ркр болгон чөйрөгө
өтөт. Натыйжада алардын тең салмактыгы
жоюлуп, көлөмү чоңоёт. Көбүкчөлөр агым м-н бирге жылып, кризистик басымы жогору чөйрөгө өтөт. Бул жерде көбүкчөлөрдүн көлөмү кичиреет да, түтүктүн кууш жеринде «кавитациялык чөйрө» түзүлөт. Суюктук басымы төмөн жерге келгенде, көбүкчөлөр жарылып, алардын көлөмү абдан кичиреет да, гидравликалык кагылышууга окшош үн импульстары пайда болот. Эгерде агымдын бетинде К-лык тешиктер (каверн) пайда болсо, андагы кагылышуудан нерсенин (гидротурбина калактары, кеме винти ж. б.) бети оюлуп, бузула (К-лык эрозия) баштайт. К. гидротурбинанын, суюктук насосторунун, кеме винтинин ж. б. иштешине тоскоолдук жасап, кыйрашына алып келет. Мындай К. гидростатикалык басымды көбөйтүү констр. элементтердин формасын тандоо м-н азайтылат. К-лык эрозияны төмөндөтүү үчүн жумушчу калакчалар дат баспас болоттон жасалат.
Акустика л ы к К. – суюктукка белгилүү бир амплитудадагы үн жибергенде, анын таралуусунун жарым мезгилине барабар убакыттын ичинде байкалат. Бул көбүкчөлөр жарылганда, суюктук өтүүчү материалдын өзүн буза турган, кыска убакытка (10–6сек) созулган басым импульсу 109 Па га чейин ж-а андан жогору болот. К-лык көбүкчөлөр жарылганда басым жогорулайт ж-а анын ичиндеги газ адиабаттык түрдө 10000°С ге чейин ысыйт. Ошол себептен К. кезинде көбүкчөлөрдүн жаркыроосу (үн люминесценциясы) байкалат. Көбүкчө ичиндеги газдар иондошот. Акустикалык К. бир топ физ. кубулуштарга (катуу заттардын бузулушу ж. б.) себепкер болот. Ультра-үндүн (биология, медицина ж. б-да) кеңири колдонулушу К. кубулушуна байланыштуу.