КАВКАЗ
КАВКА́З – Кара, Азов ж-а Каспий деңиздеринин аралыгында жайгашкан табигый аймак. Россия, Грузия, Армения ж-а Азербайжандын
чегинде. Түндүктө Кума-Маныч ойдуңунан түштүктө Армениянын Түркия ж-а Иран м-н чек арасына чейин созулат (түш. табигый чек арасы шарттуу алынган). Түн. К-ды, Кавказ өңдүрүн,
Чоң К. тоо тармагын ж-а Закавказьени өзүнө камтыйт. Аянты 440,440 миң км2ден ашык. Тоолуу рельеф басымдуу. Борб. абалды ээлеген Чоң Кавказ тоо тармагы – Россиянын гана эмес, жалпы Европанын да эң бийик жери; анын кыр бөлүгүн Башкы же Суу бөлгүч ж-а Каптал кырка тоолору түзөт. Анын бийик чокулары: Эльбрус (5642 м), Дыхсу (5203 м), Шхара
(5068 м), Казбек (5033 м). Чоң К-дын кырка тоолору альп тибиндеги рельефи м-н өзгөчөлөнүп турат; көбү куэста тибинде, карст процесстери
өрчүгөн (Воронцов, Жаңы Афон үңкүрлөрү, Сатаплиа ж. б.). Чоң К-дын түн. капталынан Кума- Маныч ойдуңуна чейин Кавказ өндүрү ээлейт; андагы Ставрополь дөңсөөсү Кубань-Азов бою ж-а Терек-Кума ойдуңдарынан бөлүп турат. Чоң К. түштүгүндөгү Колхида (батышында) ж-а Кура- Аракс (чыгышында) аккумуляциялык ойдуңдары аркылуу Закавказье тайпак тоолорунан бөлүнөт. Закавказье бүктөлүүдөн пайда болгон Кичи К. кырка тоосунан (Гямыш чокусу, бийикт. 3724 м) ж-а жанартоодон пайда болгон Армян тайпак тоосунан (5165 м, Чоң Арарат
чокусу) турат. Түш.-чыгышында бүктөлүүдөн жаралган Талыш тоосу (2477 м) ж-а Ленкоран ойдуңу жайгашкан. К. – Жер ортолук деңиз кырчоосундагы альп бүктөлүү аймагына кирген эпигеосинклиналь, бир аз бөлүгү эпиплатформа абалындагы тоолор. Орто бөлүгү өчкөн жанартоо конустары бар К. мегантиклинориясына туура келет. Кен байлыктарга бай: мунай (Баку, Грозный, Майкоп), газ (Краснодар, Ставрополь крайлары), темир (Дашкесан), таш көмүр, марганец, жез, молибден (Тырныауз), коргошун ж-а цинк кенташтары (Садон), минералдуу булактар.
К. мелүүн ж-а субтропиктик климат алкактарынын чет жакаларында жайгашкан. Түн. К. мелүүн, Закавказье субтропиктик алкактарга кирет. Январдын орт. темп-расы Кавказ өндүрүндө –2°Сден –5°Сге чейин, Закавказьеде 1– 6°С. Жайында К-дын батышы м-н чыгышынын темп-ралык айырмасы көбүрөөк байкалат. Июлдун орт. темп-расы батышында 23–24°С, чыгышында 25–29°С. Тоолордо 2000 м бийикте январдын орт. темп-расы –8°С, августтуку (эң жылуу ай) 13°С. Бийиктеген сайын бийик тоонун суук климаты кыр зонасында ниваль климаты м-н алмашат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөргө 200 ммден (Кура-Аракс ойдуңу) 1800 ммге чейин (Колхида ойдуңу), тоолордо 2600 мм, айдарым батыш ж-а түш.-батыш капталдарында 4000 ммге чейин жетет. Жалпы аянты 1428 км2ге жеткен 2000дей мөңгү бар; ири-

лери: Дыхсу, Безенги, Караугом, Цаннер ж. б. Дарыялары Каспий (Кура Аракс м-н, Сулак, Терек, Кума), Кара (Риони, Ингури) ж-а Азов (Кубань) деңиздеринин алаптарына кирет. Эң ири көлү – Севан.
Ландшафты бийиктик алкактуулукка жараша ар түрдүү. Чоң К-дын түш., Кичи К-дын ж-а Талыш тоосунун түн. капталдарында жазы ж-а ийне жалбырактуу токойлордон турган субтропиктик токой ландшафты басымдуу. Чоң ж-а Кичи К-дын, о. эле Армян тайпак тоосунун бийик бөлүктөрүн жапыз өскөн альп шалбаасы, өтө континенттүү аймактарын шалбаалуу талаа ээлейт. Бийик кырларына гляциалдыкнивалдык ландшафт мүнөздүү. Кавказ өндүрүндө талаа, Закавказьеде жарым чөл ландшафттары басымдуу.
К-дын ландшафты, айрыкча түздүктөрүндөгү ж-а тоо этектериндеги талаа ж-а субтропик алкактары адамдардын аракетинен кыйла өзгөрүп кеткен. Айрыкча Чыгыш К-дын, Закавказье ойдуңдарынын, Жавахети – Армян тайпак тоосунун чуңкурчактарынын ландшафты өтө өзгөрүүгө дуушарланган. Кавказ өндүрүндө (аймагынын 60%тен ашыгы) ж-а Кура-Аракс ойдуңунда (75%) агроландшафт басымдуулук кылат. Эрозия, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, кыртышты шор басуу, суу каптоо ж. б. процесстер күчөөдө. Колхида ойдуңунун 40%ке жакын аянты кургатылган, токоюнун

50%тен ашык аянты кыйылып, анын ордуна субтропиктик мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган. Саз кургатуучу каналдардын уз. 2100 кмден ашат. К-дын ландшафтын коргоо максатында коруктар уюшулган, алардын эң белгилүүлөрү: Кавказ, Теберда, Кабарда-Балкар, Түн. Осетин (Россия); Ажамети, Рица, Вашловани, Лагодехи (Грузия); Гиркан (Азербайжан); Хосров, Эренбуни (Армения) ж. б. Улуттук парктары: Сочи (Россия), Севан (Армения) ж. б. Заказниктер, табият эстеликтери да көп. «Батыш Кавказ» (Россияда; Кавказ коругунун бир бөлүгүн, Чоң Тхач табият паркын, 3 табият эстелигин камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. К. – курорттуу ири аймактардын бири; мында Кавказ Минералдуу суулары, о. эле Кара деңиздин жээгинде Анападан Батумиге чейин курорттор жайгашкан. Туризм м-н альпинизмдин борбору.
К-да Азербайжан, Армения, Грузия, Краснодар

крайы, Ставрополь крайы, Дагстан, Ингушстан, Кабарда-Балкария, Түндүк Осетия, Чеченстан жайгашкан.
Ад.: Кавказ. М., 1966; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий
Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1986; Заповедники Кавказа. М., 1990; Беручашвили Н. Л. Кавказ: ландшафты, модели, эксперименты. Тб., 1995.
Э. Н. Султаналиев.