КАВКАЗ КОРУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З КОРУГУ Х. Г. Ш а п о ш н и к о в атн. – Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунун капталдарында (3350 м бийик­ке чейин) жайгашкан мамл. биосфералык та­бигый корук. Краснодар крайынын, Адыгэ ж-а Карачай-Черкесиянын аймагында. Аянты 2,8 миң км2. 1979-ж. ЮНЕСКОнун биосфералык ре­зерваттарынын дүйнөлүк тармагына киргизил­ген. Кавказдын бийик тоолуу табигый комплек­син коргоо максатында 1924-ж. уюшулган. Ай­магынын 65% аянтын токой ээлейт. Тур, зоо бөкөнү, бугу мекендейт; зубр байырлатылууда. Тисс-самшит реликт токою (Хостанын тегере­гиндеги, аянты 300 га) өсөт. Жаныбарларынын айрымдары РФтин Кызыл китебине катталган. К. к. 1999-ж. «Батыш Кавказ» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.