КАВКАЗ МИНЕРАЛДУУ СУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З МИНЕРАЛДУУ СУУЛАРЫ – Ставро­поль крайындагы белгилүү бальнеологиялык, климат­тык курорттордун тобу (Ессентуки, Железно­водск, Кисловодск, Пятигорск). Ставрополь дөң­сөөсү менен Чоң Кавказдын түндүк капталынын ара­лыгында. Мында минералдуу суунун 130дан ашык булагы, илээшкек баткактын (Тамбукан көлү) ири запасы бар. 1992-жылы Кавказ минералдуу сууларына Россия­нын өзгөчө коргоого алынган экологиялык-курорттуу аймагы деген статус берилген. Бардык курорт­тору бири-бири менен автомобиль жана темир жол менен байланышат; Минеральные Воды шаарында аэро­порт бар.