КАВКАЗ СОГУШТАРЫ
КАВКА́З СОГУШТАРЫ (18–19-к.) – орус падышалыгы Кавказ аймактарын басып алуу максатында жүргүзгөн согуштар. Россиянын Иран ж-а Түркия м-н жүргүзгөн согуштары, Крым согушу (1853–56), Тоолуу Дагстан, Түн.-Батыш Кавказ ж-а Чеченcтан аймактарындагы тоолук кавказдыктарга каршы жүргүзгөн басып алуучулук согуштары (1817–64), Кавказ элдеринин феод. эзүүгө каршы кыймылын басууга падышалыктын согуштук кийлигишүүсү К. с-нын өзөгүн түзгөн. Түркия ж-а Иран тараптан кол салуу коркунучу Кавказ элдерин Россиядан ишеничтүү жөлөк издөөгө аргасыз кылган. Кавказ Россия, Түркия ж-а Ирандын ортосундагы күрөш очогуна айланган. Пётр I Персияга жортуул жасаганда (1722–23), орус аскери Түн. Азербайжандын жээктерин ээлеген, бирок Ганж келишими б-ча (1735) Россия аскерин Терек д-нын ар жагына алып кеткен. 1768–74-ж. орус-түрк согушунун натыйжасында Россияга Кабарда кошулган. 1783-ж. Чыгыш Грузия Россиянын протекторатына өткөн. 1795-ж. перстердин Грузияга кол салышы Россияны Закавказдагы аракетин активдештирүүгө мажбур кылган. 1801-ж. Россияга Чыгыш Грузия, 1802–06-ж. Батыш Грузия, Осетия, Түн. Азербайжан, 1810-ж. Абхазия, 1813-ж. Дагстан кошулган. Орус-түрк (1828–29), орус-иран (1826–28) согуштары Чыгыш Армения, Түш.-Батыш Грузия ж-а Кавказдын Кара деңиз жээгинин түн. бөлүгү Россияга кошулушу м-н аяктаган. Өзүнчө Грузин (1820- жылдардан Кавказ) корпусу түзүлгөн, ага 1816-ж. А. П. Еромолов, 1827-ж. И. Р. Паскеевич, 1831-ж. Г. В. Розен, 1837-ж. Е. А. Головин, 1842-ж. А. И. Нейдгардт, 1844-ж. М. С. Воронцов, 1854-ж. Н. Н. Муравьев, 1857-жылдан А. И. Барятинский командачылык кылган. 1817– 18-ж. орустардын Преград Стан, Грозный, Внезапная, Бурная чептери курулуп, алар Түн. Кавказ тоолуктарынын жерлерин басып алышкан. Падышачылыктын баскынчы саясаты ж-а колониялык эзүүсү тоолуктардын мюридизм туусу астында боштондук кыймылынын күчөшүнө алып келген. 1820-жылдарда тоолуктардын имаматы түзүлгөн. Анын башкаруучулары мюридизм кыймылынын башында турган: Гази-Магомет (1828–32), Гамзат бек (1832–34), Шамил (1834– 59). Шамилге каршы күрөш 1859-ж. бүткөн. К. с. 1864-ж. Кавказды багынтуу м-н аяктаган.
Ад.: Блиев М. М. Россия и горцы Большого Кавказа
на пути к цивилизации. М., 2004; Потто В. А.
Кавказская война: В 5 т. М., 2006.