КАВКАЗ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З ТИЛДЕРИ – Кавказ элдеринин тили.
Үч топко бөлүнөт: картвел, абхаз-адыге ж-а нах­дагстан тилдери. Нах ж-а дагстан тилдери кээ­де эки башка топ катары каралат. Грузин ти­линин байыркы жазуусу болгон. 5–8-к-да удин тилинин да жазуусу болгондугу божомолдонот. 1917-жылдан кийин К. к-нин көбүндө адегенде латын, кийин кириллицанын негизинде жа­зуулары иштелип чыккан.