КАГАЗ
КАГАЗ – өсүмдүктөрдүн хим. ж-а мех. жол м-н алдын ала иштетилген майда буласынан жасалган жука материал. К. жасоодо түрдүү жыгачтан ж-а бир жылдык өсүмдүктөрдөн алынган целлюлоза ж-а жыгач массалары пайдаланылат. К-дын түрүнө жараша өсүмдүк булаларына анын өңүн агартуучу, жылмакай ж-а жакшы басылуучу касиет бере турган, сыя жайылтпас, бышыктыгын ж-а тыгыздыгын арттыруучу ар кандай минерал заттардан (каолин, тальк ж. б.) турган кошумчалар, өңүн өзгөртүүчү боёктор аралаштырылат. Кээ бир учурда К. м-н картон пайдаланылышы б-ча жеңил ж-а жыгач иштетүү, айнек ө. ж-нын продукциялары м-н тең тайлаша алат. К. биринчи жолу 2-к-да Кытайда, 6-к-дан Япония, Корея, Индия ж. б. Азия өлкөлөрүнө, 10-к-дан баштап Европага, Россияга тараган. К. жасоо айрыкча 15–16-к-да китеп басып чыгаруу пайда болгондон кийин өнүккөн. Азыр К-дын 600дөн ашык түрү (ватман, калька, көчүрүүчү К. ж. б.) белгилүү. Басма К-ы төмөнкү класстарга бөлүнөт: басуу ыкмасына жараша – жогорку басма, офсеттик басма, терең басма; бетине жараша – жалтырак, күңүрт, жибек сымал ж. б.; арналышы б-ча – газета, китеп, журнал, иллюстрация, этикетка К-ы ж. б.; чыккан формасына жараша барактуу ж-а рулондуу. К. басылуучу продукцияга жараша тандалат. Көлөмдүү басылмаларды (сөздүк, маалыматтама, энциклопедия ж. б.) басууда жука, бышык ж-а тыгыз К. (30–45 г/м2) пайдаланылат. О. эле К. жазуу (почталык, конверттик, дептерлик К.), кооздук – декоративдик (бархат, тери ж. б-дын астына кетүүчү), каптоо (обойлук), чийүү, тартуу (ватман, калька ж. б.), өндүрүш техникасында (патрондук, наждак, катмарлоо, жасалгалоо), жарык сезгич (сүрөт чыгарууда), электр изоляциялоочу (конденсатордук, кабелдик), санит.-гигиеналык максатта ж. б. болуп бөлүнөт. Ал эми картогр. продукциялар, акча, документтер, кино экраны ж. б-да өзгөчө катуу ж-а жыртылбаган синтездик К. колдонулат. К-дын 1 м2деги массасы (4–250 г), калыңдыгы (4 ммден 400 мкмге); мех. касиеттери (үзүлүшү, сынышы, сүрүлүүсү, тыгыздыгы, оролгучтугу ж. б.), нымдалышы, түсү, актыгы, жылмакайлыгы, ным сиңиргичтиги, аба, суу, май өткөрбөстүгү ж-а диэлектрик касиеттери м-н мүнөздөлөт. К-дын бул касиеттери була материалдарын ж-а аларды майдалоо жолун тандап алуу, кагаз жасалчу массага ар түрдүү кошулмаларды кошуу ж-а куюу режимин сактоо, К. тилкесин ныктоо ж-а кургатуу, бетин жылмалоо, аягында анын сапатын жакшыртуучу кошумча заттар м-н иштетүү аркылуу жетишилет (к. Кагаз машинасы). К. өтө кеңири колдонулган чөйрө – полиграфия өндүрүшү.
Ад.: Примаков С. Ф., Барбаш В. А., Шутько А. П.
Технология бумаги и картона. М., 1996.