КАГАЗ АКЧАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАЗ АКЧАЛАР (англисче fiat money) – жүгүр­түүдө толук баалуу акчалардын ордуна жүрүүчү нарк белгиси; мажбурлануучу курска ээ‚ адатта металлга алмашылбайт жана мамлекет тара­бынан өз чыгымдарын жабуу үчүн чыгарылат. Кагаз акчаларды чыгаруу зарылдыгы капитализмде өнөр жай менен сооданын өнүгүшүнөн келип чыккан. Кагаз акчалар алтын жана күмүш акчалардын айлануу процессинде аларга анын анык салмагынан бел­гиленген номиналдуу өлчөмдө пайда болгон. Кагаз акчалар табияты боюнча нарктын накта формасы ка­тары алардын өздүк наркы болбойт: аларды ба­сып чыгаруу анча кыйын эмес. Кагаз акчалардын анык наркы нарк мыйзамы‚ акча жүгүртүү мыйзам­дары менен аныкталат. Тарыхый кагаз акчалар. алтын­дын жана күмүштүн белгиси катары пайда бол­гон. Адегенде алар Кытайда орто кылымдарда Ху­билайхан башкарган мезгилде басып чыгарыл­ган. Кагаз акчалардын экинчи чыгарылышы жөнүндө саякатчы Марко Поло 1286-жылы эскерген. Кагаз акчалар XVII кылымдан көп чыгарыла баштаган: Швецияда – 1644-жылы‚ Түндүк Американын Массачусетс штатын­да – 1690-жылы‚ Францияда – 1701-жылы‚ Россияда – 1769-жылы чыккан. Кагаз акчалардын өз наркы болбогон­дуктан‚ алар асыл буюмдардын жана дүйнөлүк акчалардын наркынын өлчөмүн аткара албайт. Алар жүгүртүү каражаттарынын жана төлөм ка­ражаттарынын милдетин аткарат. Алтын стан­дарт алып салынгандан кийин кагаз акчалар топтомдор жана сактам каражаттары салыштырмалуу ту­руктуу кезинде белгилүү бир чекте алардын мил­детин аткарган. Кагаз акчалар инфляция менен ажырагыс байланышта.