КАГАЯН-ДЕ-ОРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАЯ́Н-ДЕ-О́РО – Филиппиндеги шаар. Мин­данао а-нын батышында жайгашкан. Чыгыш Мисамис провинциясынын адм. борбору. Кал­кы 526,9 миң (2008); чоңдугу б-ча Минданао а-ндагы Даваодон кийинки 2-шаар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Филиппин архипе­лагындагы башка аралдар м-н паром аркылуу байланышат. Испандар тарабынан 1622-ж. не­гизделген. Тамак-аш (кофе, кургак сүт, консер­вацияланган жемиштер, ширелер, суусундуктар, кокос майы чыгарылат, деңиз балырлары иш­тетилет), жыгаччылык, пластмасса буюмдары ө. ж. ишканалары иштейт. Ыйык Августин ка­федралуу собору, менчик ун-ттер, лицей ж. б. бар. Жыл сайын Ыйык Августин фестивалы өткөрүлөт. Туризм өнүккөн.