КАГОСИМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГО́СИМА – Япониядагы шаар. Кагосима пре­фектурасынын адм. борбору. Кюсю а-нын түш. жээгинде жайгашкан. Калкы 607,7 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкө­нүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю а. м-н паром аркылуу байланышат). 1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин кал­дыктары (18-к.), таш көпүрөлөр сакталган. Ма­шина куруу, текстиль, хим., металлургия ө. ж. ишканалары иштейт. Карапа (13-к.), сацума фаянсы (16-к.) ж-а фарфор (19-к.) өндүрүшүнүн борбору. Ун-ттер, музейлер, океанариум бар. Япон стилиндеги ландшафт паркы, ботан. бак, зоопарк уюштурулган. К-дан 40 км түн.-батыш­та «Сендай» АЭСи, Осуми ж. а-нда Утиноура кос­мос изилдөө борбору, шаардан 9 км чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-ж. атылган) жайгашкан. Ысык бу­лактар чыгат. Туризм өнүккөн.