КАДАМЖАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДАМЖАЙ , Ф р у н з е – Баткен обл-ндагы шаарча (1936-жылдан). Кадамжай р-нунун ай­магында, Шаймерден суусунун боюнда жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 2 км түш. тарапта. Фергана т. ж. бекетинен (Өзбек-


стан) 31 км. Калкы 6,7 миң (2009); негизинен кыргыздар, о. эле өзбек, орус, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ал аркылуу Исфана – Ош – Бишкек автомобиль жолу өтөт. Кадам­жай сурьма комбинаты, тигүү ф-касы, үй-бүлө­лүк дарыгерлер тобу, мед.-санит. мекемелер, ка­фе-барлар, тамактануу ж-а соода жайлары иш­тейт. Шаарчада 3 орто ж-а балдардын муз. мек­теби, китепканалар, мад-т үйү, 3 бала бакча, райондук борб. оорукана, дарыканалар ж. б. бар.