КАДАМЖАЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДАМЖАЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Баткен обл-ндагы Кадамжай шаарчасына жакын жайгашкан. 1971-ж. ишке киргизилген. Аянты 115 миң м2. Мында негизинен Кадамжай сурьма комбинатынын иштетилген калдыктары (мышьяк, күкүрт, сурьма) сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү ж-дө так маалымат жок. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 балл.