КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ — Баткен обл-ндагы адм. бирдик. Район 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен р-ну, түштүгүнөн Ош обл-нун Чоң Алай, Ноокат р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 6,1 миң км2. Калкы 143,9 миң (2009). Райондо бир шаар (Кызыл-Кыя), 4 шаарча (Айдаркен, Кадамжай, Совет, Чабай), 11 айыл өкмөтү, 93 кыштак бар. Борбору – Пүлгөн кыштагы.
Район Фергана өрөөнүнүн тоо этегиндеги түш. бөлүгүн ж-а Алай кырка тоосунун өрөөнгө караган түн. тарабын ээлейт. Деңиз деңг. эң жапыз жери 700 м (Бүргөндү массивинде), эң бийик жери 5259 м (Алай кырка тоосунда). Фергана өрөөнүн адырлар чектеп, айрым жерлеринде түздүктөр кездешет. Адырлардан түштүгүрөөк этек тоолор зонасы жатат. Андан ары Кербен – Көк-Жар (батыш бөлүгү), Охна ж-а Айдаркен ойдуңдары жайгашкан. Райондун аймагы табигый кендерге бай. Отун ресурстарынан күрөң көмүрдун мааниси зор (Кызыл-Кыя, Беш-Буркандын батыш чети). Сурьма ж-а сымаптын (Кадамжай, Айдаркен, Кан ж. б.) запасы б-ча Борб.

Азияда алдыңкы орунда. Курулуш материалдары (гипс, мамы таш, кум-шагыл, чопо ж. б.), коргошун, алтын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургакчыл, кышы мелүүн суук. Январдын орт. темп-расы түздүктөр м-н адырлар тилкесинде –2,6... –6,4°С, тоолордо
–8,9°С, июлдуку түздүктөр м-н адырларда 26,8°С,
тоолордо 10,6–19,1°С. Жылдык жаан-чачыны 200–500 мм. Суулары: Исфайрам-Сай, Шаймерден, Ак-Суу ж. б. Топурак-өсүмдүктөрү бийиктик мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Тоо этектериндеги түздүктөр, адырлар, тоо арасындагы ойдуңдар деңиз деңг. 1600 м бийикке чейин боз топурактуу келип, чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Айрым жерлеринде бадалдар да кездешет. Таштуу жарым чөл бийик тоолорго мүнөздүү. Күрөң ж-а коңур тоо топурактуу тоо капталдарында (1600–2500 м бийикте) талаа ж-а токой өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо шалбаа топурактуу 3000–4000 м бийикте каз таман, доңуз сырты ж. б. бийик тоолуу өсүмдүктөр өскөн субальп ж-а альп шаалбасы мүнөздүү. Орто бийик тоолордогу аскаларда арча өсөт. Арча токоюнун жалпы аянты 34,8 миң га. Райондун жеринин жаратылыш шарты мал чарбасын (айрыкча эчки багууга) өнүктүрүүгө ж-а дыйканчылыкка (жашылча, пахта, тамеки ж-а мөмө жемиштерди өстүрүүгө), о. эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагы сейрек кездешүүчү сурьма, сымап ж. б. түстүү металлдарга, көмүргө, цемент ж. б. курулуш материалдарына бай.
Райондо жашагандардын 15,2%ин шаар, 84,8%ин айыл калкы түзөт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 26 адам (облуста 24, Кырг-нда 25 адам). Улуттук курамы б-ча 69,8%ти кыргыздар, 13,9%ти тажиктер, 11,6%ти өзбектер, 2,9%ти орустар, башка улуттар 1,8%ти түзөт. Акыркы жылдарда калктын табигый өсүш коэфф. төмөндөө м-н катар калктын миграциясы, башка жакка көчүүсү азаюуда. Райондун жалпы калкынын 51,3%ин эмгек ресурстары түзүп, анын 57,6%ине жакыны иштеп, калган ишке жарактуу калк жеке менчик чарбаларда ж-а убактылуу табылган иштерде эмгектенет. Иштеген калктын 46%и а. ч-да, 20%и социалдык чөйрөдө, калган 34%и ө. ж-да, транспорт ж-а байланышта, о. эле курулушта, соодада ж. б. тейлөө тармактарында да эмгектенет.
Райондун чарбасында ө. ж. тармагы өндүргөн
продукция респ-да маанилүү орунду ээлеген. Алар – дүйнөгө белгилүү «Кадамжай сурьма комбинаты» ж-а «Айдаркен сымап комбинаты» АКтары. Андан тышкары райондо 12 ө. ж. ишканасы бар; ирилери: Кадамжай ун тартуу ишканасы, «Кан ө. ж. комбинаты» ж-а Кадамжай нан бышыруучу АКтары, Бүргөндү мөмө-жемиш шарап комбинаты. Ө. ж. ишканалары негизинен Кадамжай, Айдаркен, Совет шаарчаларында, Пүлгөн ж-а Бүргөндү айылдарында жайгашкан. Негизги ө. ж. продукциялары: сымап, сурьма, шарап, өсүмдүк майы, ун ж. б.
Райондун а. ч-га жарактуу жери 215,4 миң га
(облустун 31,7%и), а. и. айдоо жери 25,7 миң га (37,2%), көп жылдык өсүмдүктөрү 3,2 миң га (30,8%), чөп чабынды 2,8 миң га (29,8%), жайыт 183,1 миң га (31,1%). Райондун а. ч.
өндүрүшүндө 524 дыйкан чарба, 94 кичи фермердик чарба, 945 жеке жер ээлери, 5 мамл. үрөнчүлүк чарба иштейт. 14,1 миң га дан эгиндери эгилип, андан 46,7 миң тдан (а. и. 29,9 миң т буудай, арпа ж. б. 1,6 миң т буурчак), 20,2 миң т жашылча, 9,9 миң т картөшкө, 5,2 миң т бакча, 9,8 миң т мөмө-жемиш, 2,6 миң т жүзүм жыйналган. Райондо 38,7 миң бодо мал, 129,2 миң кой-эчки, 5,1 миң жылкы, 71,3 миң үй канаттуулары бар.
Райондун аймагы аркылуу Ош – Кызыл- Кыя – Пүлгөн – Баткен – Исфана, Фергана (Өзбекстан) – Пүлгөн – Шаймерден, Кызыл-Кыя – Дароот-Коргон автомобиль жолдору, Фергана (Өзбекстан) – Кызыл-Кыя т. ж., Фергана (Өзбекстан) – Кадамжай (1972-ж. курулган), Сох (Өзбекстан) – Айдаркен (1973-ж.) газ куурлары өтөт.
Райондо жалпы билим берүүчү 62 мектеп, а. и. 51 орто, 6 толук эмес, 3 башталгыч ж-а балдардын жатак мектептери, 2 гимназия, 2 лицей бар. О. эле 2 кесиптик-тех. окуу жайында окуучулар, тракторист, кийим тигүүчү, айылдык курулуш усталары адистигине ээ болушат. Райондо, айрыкча, шаарчаларда мад-т үйлөрү, балдардын муз. ж-а спорттук мектептери, китепканалар (баардыгы 51), 637 орундуу борб. оорукана, 10 участкалык оорукана, 24 ФАП иштейт.
А. Мырзаев.