КАДАМЖАЙ СУРЬМА КЕНИ
КАДАМЖАЙ СУ́РЬМА КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Алай кырка тоосунун түн. капталындагы Шаймерден суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 800–1222 м бийикте. 1914-ж. табылган. 1933–87-ж. мезгил-мезгили м-н чалгындалган. Кен аймагын силур, девон ж-а карбондун карбонаттуу терригендүү чөкмө тектери (сланец, кумдук, гравелит, акиташ) түзөт. Кенташ негизинен карбондун акиташ теги м-н девондун сланецтери кошулган жерде, тектон. кыймылдан пайда болгон роговик-жаспероид брекчиясында топтолгон. Брекчия кабатынын калыңдыгы 25–30 мге жетет. Кенташ тулкусу негизинен татаал кабатча, кээде тарам же линза түрүндө кездешет. Негизги минералдары: антимонит, кээде пирит, сфалерит, реальгар, аурипигмент, халькопирит, марказит, галенит ж. б. Кен жер бетине жакын (3 кмге чейинки) тереңдикте, төмөнкү темп-радагы шартта, гидротермден пайда болгон. Кендин базасында Кадамжай сурьма комбинаты 1934-жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Кадамжай кенинин сурьмасы 1958-ж. Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк
көргөзмөдө Чоң алтын медалга ээ болгон. Азыркы мезгилде тазалыгы б-ча дүйнөлүк эталон катары эсептелет. Сурьманын кенташтагы орт.
өлчөмү 2,62%. Бир аз өлчөмдө алтын (0,2–1,5 г/т), күмүш (0,8–2 г/т), флюорит (0,2–2,5%) кездешет. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 4067,0 миң т, сурьма – 104811 т, алтын –
2,5 т.
Ад.: Рудные месторождения СССР // Под ред. акад. В. И. Смирнова. Т. 2. М., 1974.