КАДДАФИ
КАДДА́ФИ , Муамар бен Мухаммед Абу Меньяр Абдель Салям бен Хамид аль-Каддафи (1942-ж. т., Ливия, Сирт ш.) – Ливиянын мамл. ж-а саясий ишмери. Ливиянын «революциячыл жетекчилигинин» башчысы. «Эркин офицерлер» уюмун түзүүчүлөрдүн бири.

Полковник. Ливия унтинин тарых ф-тин (1963), Ливиядагы аскер окуу жайын (1965), Улуу Британиядагы Боунингтон- Хис аскер окуу жайынын даярдоо курсун (1966) бүткөн. 1969–77-ж. Рев-ялык командачылык кеңешинин төрагасы, 1970- жылдан Ливия Араб Респ-нын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы ж-а Улуттук коргоо Кеңешинин төрагасы, 1970–72-ж. премьер-министр, 1972–74-ж. Араб соц. уюмунун төрагасы, 1977- жылдан Жалпы элдик конгресстин генералдык секретары. 1969-ж. 1-сентябрда ливиялык армиянын жаш офицерлер тобу мамл. төңкөрүш уюштуруп, королдук бийликти кулатып, Ливия Араб Респ. жарыяланган. Бийлик К. башында турган Рев-ялык командачылык кеңешке өткөн. 1970-ж. Ливия аймагындагы британдык ж-а амер. согуштук базаларды жойгон. Египет президенти Г. А. Насер м-н жакшы мамиледе болгон. 1971-ж. Египет, Сирия ж-а Тунис м-н бирдикте Араб Респ-лар Федерациясын түзгөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун иш чараларына көмөк көрсөткөн. 1973-ж. Ливиядагы чет элдик мунай компаниялары м-н банктарды мамлекеттештирген. 1974-ж. «исламдык социализм» программасын жарыялап, өлкөдө араб соц. уюмуна гана жол берип, башка партияларга тыюу салган. 1980-жылдары Ливияда экон., адм. реформаларды жүргүзүп, согуш чыгымдарын кыскартууга аракеттенген. Батыш өлкөлөрү, АКШ К-ни террористтерди ж-а террорчул уюмдарды колдойт деп таап, Ливияга каршы экон. ж. б. санкцияларды колдонгон. 2004-ж. бул экон. санкциялардын көбү алынган.