КАДР
КАДР – 1) к и н о к а д р – сүрөткө тартуу объектисинин кыймылынын бир фазасын же статикалык абалын белгилөөчү кино тасмадагы сүрөт. Кадрдагы режиссёрдук жана оператордук таба билгичтик тартылуучу көрүнүштүн идеясын жана мазмунун ачып берет. Кино камераны жылдырып жүрүп, кадр түзүү учурунда тартыла турган көрүнүштүн кадрдагы кыймылына байланыштуу болгон динамикалык композициянын өзгөчөлүктөрү эске алынат. Кадрдын форматы, жайланышы тартуучу аппараттын айнегинин өлчөмүнө жана орнотулушуна жараша аныкталат; 2) кураштырма кадр – окуянын кандайдыр бир моментин камтыган тасманын курамдык бөлүгү; 3) сценарийлик кадр (тасма коюлуучу же режиссёрдук сценарийдеги) – тартыла турган кадрдын мазмунун жана бүткүл турпатын, анда болуучу аракеттерди, диалогдорду, ошондой эле үн менен коштоонун көркөмдүк чечилишин баяндап жазуу.