КАДРАЛИЕВ Жоомарт
КАДРАЛИЕВ Жоомарт (18. 7. 1946-жылы туулган‚ азыркы Чүй облусу‚ Жайыл району‚ Сары-Булак айылы – 5. 2. 2015. Бишкек шаары) – монументалист, живописчи. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1993), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1966)‚ В. Cуриков атындагы Москва көркөм сүрөт институтун (1974) бүткөн. 1974-жылдан Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу‚ 1977–1980-жылдары СССР көркөм сүрөт академиясынын Фрунзедеги бөлүмүнүн аспиранты болуп эмгектенген.

1996-жылы Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп иштеген. 1968-жылдан республикалык гезит-журналдарга жарыяланган макалаларды иллюстрациялап, жергиликтүү жана бүткүл союздук‚ эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. Кадралиев адегенде станоктук живописте‚ кийин графикада‚ 1990-жылдан тартып монументтик роспись жанрында эмгектенген. Кадралиевдин «Койчулардын аттары»‚ «Чабандын уулу», «Кабар»‚ «Тоолук кыз»‚ «Пахтачы кыз»‚ «Ата журтумда», «Таазим – Айтматовдун элеси», «Түбөлүктүү көз

ирмем», «Курбулар», «Эсимде» жана башка чыгармалары белгилүү. Анын тарткан сүрөттөрү «Манас» энциклопедиясында пайдаланылган, К. Жусуповдун кара сөз менен жазылган «Манас» аттуу китебин көркөмдөгөн‚ Таластагы Манас этнографиялык музейиндеги «Бабалар баяны», «Үч муун» аттуу экилтик чыгарманын, «Манаска» арналган графика серияларынын, Ош облустук филармониясындагы «Кылымдар таңы» ири монументтик росписинин (2000–2001), Манастын Москва шаарындагы эстелигинин (2009, Д. Жолчуев, Б. Сыдыков, Т. Медеров менен бирге) автору. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде жеке чыгармачылык көргөзмөлөрү өткөн (1996, 1997, 1998), ошондой эле Ганновер шаарындагы «ЭКСПО-2000» көргөзмөсүнө катышкан. Кыргызстан композиторлор союзунун ардактуу мүчөсү болгон. «Шумкар уя», «Шер баян» күүлөрүнүн автору. Кадралиев 3-даражадагы «Манас» ордени, «Манас 1000» юбилейлик медалы менен сыйланган.