КАДРИЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДРИ́ЛЬ (французча quadrille – төрт адамдан турган топ) – европа элдеринин бийи. Кадриль хороводдук бий кыймылдарынын элементтерине негизделген. Композициясы төрт чарчы болуп турган төрт жупка эсептелген. Бий кезмектешип, жуптары алмашылып бийленет. Акырында бардык бийчилердин катышуусу менен аяктайт. Кадриль XVII–XIX кылымдарда ар кандай аталышта орус, украин, беларусь, латыш, эстон жана башка элдерге кеңири тараган.

