КАДУНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДУ́НА – Нигериянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Кадуна штатынын адм. борбору. Кадуна д-нын (Нигердин куймасы) боюнда жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2008). Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Англичандар тарабынан 1913-ж. негизделген. Текстиль, кагаз, тамак-аш, нефть ажыратуу, машина куруу, жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карападан буюм жасоо) өнүккөн. Нигерия ИИИ (1951), улуттук көз борбору (1979), Нигерия коргоо академиясы (1964), ун-т, политех. ин-т, китепкана, музейлер (а. и. тарых ж-а этнография) бар. Парк зоопаркы м-н уюштурулган.