КАДЫРАЛИЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРАЛИЕВ Тургунбай (1945-ж. т., Ысык- Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Жети-Өгүз айылы.) – медицина илимд. доктору (1994), проф. (1997) КММИни (1968), Ленинграддагы Врачтардын билимин өркүндөтүү ин-тунда аспирантураны бүтү ргөн (1974). Хабаров край ында аскер бөлүмүнүн врачы (1968–70), 1970-жылдан КММИде кенже ил. кызматкер, Кыргыз ССР ИАнын Бийик тоо физиология ж-а эксперименттик патология ин-тунда улук ил. кызматкер (1976–84), Кыргыз кардиология ИИИде улук, жетектөөчү ил. кызматкер (1984–94). КМДПИде кафедра башчысы (1994–2005). Патол. анатомия б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгеги бар.
Эмг.: Строения органов обеспечения и регуляции
организма. Б., 1995.