КАДЫРАЛИЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРАЛИЕВ Аскер (1937, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Бостери айылы – 1994, Биш­кек) – медицина илимд. доктору (1979), проф. (1982). КММИни бүтүргөн (1960). 1961-жылдан Респ. санит. агартуу үйүндө методист, КММИ-нин патол. физиология кафедрасында ассистент, доцент, 1979–91-ж. санитария-гигиена ф-тинин деканы, ошону м-н бирге 1984-жылдан өмүрүнүн аягына чейин кафедра башчы болуп эмгектен-


ген. Ил. изилдөөлөрү кан айлануу, дем алуу сис­темасынын кансыроодогу функциялык өзгө­рүүсүн ж-а жүрөк капкаларынын патология­сын изилдөөгө арналган. 100дөн ашык ил. эм­геги, а. и. 4 монографиясы бар.


Эмг.: Течение острой кровопотери в условиях высо­когорья. Ф., 1973; Внешняя среда и сердца (в соав­торстве). Ф., 1984; Работа сердца в условиях высо­когорья, осложненная кровопотерией и метральным пороком. Ф., 1988.