КАДЫРМАМБЕТОВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРМАМБЕТОВА Айнура Күмөновна (21. 12. 1966-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Комсомол айылы) – адабиятчы, филология илимд. кандидаты (2000), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (2004). КМУ-нун филология ф-тин (1992), КР УИАнын Тил, ад-т ин-тунун аспирантурасын (1995) бүтүргөн. 1985–88-ж. Кыргыз ССР мамл. китеп палатасында библиограф, 1996–2005-ж. КР УИАнын Тил, ад-т ин-тунда (азыр Ч. Айтматов атн.) ил. кызматкер, 2005-жылдан Кыргыз ад-ты бөлүмүнүн башчысы. 30дан ашуун ил. эмгектин, о. эле «Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы» (1999), «Адабий кырдаал жана көркөмдүк жаңылануулар» (2009) аттуу ил. эмгектердин автору.