КАДЫРОВ 2
КАДЫРОВ Вагап Кадырович [1915, Казакстан Респ., Семипалатинск ш. (учурда Семей) – 28. 07. 1993, Бишкек] – география илимд. доктору (1973), проф. (1977). 1937-ж. Фрунзе пед. ин-тун, 1939-ж. аспирантурасын бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. КР ИАда, Суу чарба ин-тунда, ВНИИКАМСте бөлүм башчы болуп эмгектенген. Гидрохимия б-ча 150дөн ашык ил. эмгектин, а. и. бир монографиянын автору. Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.
Эмг.: Чүй өрөөнүнүн коллектордук-дренаж суусунун
химиялык курамы Б., 1970; Ысык-Көл ойдуңунун дарыяларынын гидрохимиялык өзгөчөлүктөрү (авторлош), 1971; Ысык-Көлдүн жээк зонасынын пайнап суулар м-н булганышынын мүнөздөмөсү. Б., 1978; Ысык-Көлдүн суусунун өзүн-өзү тазалоо мүмкүнчүлүгү. Б., 1983; Ысык-Көлдүн ж-а анын алабынын гидрохимиясы. Б., 1986.