КАДЫРОВ 3
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРОВ Зайдулла (1886 – ө. ж. б.) – Түш. Кырг-нда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав (азыркы Днепропетровск) губерниясындагы Юзовка деген жердеги жерг. социал-демокр. уюмду, 1905– 07-ж. Баку ш-нда рев-ячыл кыймыл түзүүгө катышкан. 1912–17-ж. Сүлүктүдө иш таштоолорду уюштурган. 1917-ж. Сүлүктүдөгү кенчилердин арасында Социал-демокр. топту түзүүнүн демилгечилеринен ж-а Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болуп шайланган. 1918– 20-ж. мамлекеттештирилген Сүлүктү кен башкармасында ж. б. ишканаларда парт., сов. жетекчи кызматтарда иштеген.