КАДЫР ТҮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫР ТҮН (ар. кадир – кудурети күчтүү) – ислам дининде белгиленүүчү рамазан (орозо) айынын 27-түнү. Мусулмандардын түшүнүгү б-ча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «фаа­тиха» – «Ачуучу сүрөөсүн» рамазан айынын 27- түнү түшүргөн. Ал «Духан» (44) ж-а «Кадр» (97) сүрөөлөрүндө кадырлуу,кайталангыс–«куттуу түн» катары каралып, ошол түндүн артыкчы­лыктары ж-дө айтылат. Бул түнү чыныгы му­сулмандар таң аткыча уктабастан, Кудайга кул­чулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окуп өткөрөт. Аллага ыраазычылыгын билди­рип, алкыш айтуу м-н көңүлүндөгү ыйык сак­талган сырларын кабыл кылуусун тилешип, мечитте же үйлөрүндө тосушат, бул тилектер сөз­сүз кабыл болоруна ж-а бул түн «миң айлык ибадаттан» да жогору турарына ишенишет. Му­сулмандардын ишениминде Алла тарабынан адамдын тагдыры белгиленип, бакытка, бай­лыкка жолугат.

Т. Өмүрова.