КАЖЫРТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЖЫРТЫ – Соңкөлдөн башталган суу, Нарын р-ну аркылуу агып, Нарын д-на куят. Уз. 62 км, алабынын аянты 1960 км2. Жогорку агымында Соңкөл деп аталып, кууш ж-а терең капчыгай аркылуу агат. Ири куймалары: Кара-Тал (35 км; оң); Төр-Суу (21 км), Кең-Суу (19 км), Кумдуу- Суу (16 км), Баткак-Суу (15 км; сол). Жылдык орт. чыгымы 5,2 м3/сек. К. Соңкөлдүн деңгээ­линин жылдык өзгөрүүсүнө карата майда кире баштап, сентябрда тартылат.