КАЖЫРТЫ (КӨКЖЕРТИ) КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЖЫРТЫ (КӨКЖЕРТИ) КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоодо, Ителги-Уя, Ача-Таш, Кыр- Коо тоолорун кесип өтөт. Нарын, Ак-Талаа р-ндорунун аймагында. Капчыгай аркылуу Соңкөлдөн башталган Кажырты суусу агат. Уз. 45 км, эң жазы жери 1 км (Нарын ойдуңуна чыга берген жерде), кууш жери 200–300 м. Та­маны деңиз деңг. 1900–2700 м бийикте жайгаш­кан. Капталдары негизинен тик, кууш капчы­гай сымал. Карбондун сланец, кумдук, конгло­мерат тектеринен турат. Капчыгай суусунун же­миришинен пайда болгон. Жаратылышы кооз, экологиясы таза. Кара-Тал – Жапырык коругу жайгашкан. Бетегелүү талаа ж-а калың кара­гай-бадал өскөн шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү.