КАЖЫ-САЙ
КАЖЫ-САЙ – Ысык-Көл обл-ндагы шаарча (1947-жылдан). Тоң р-нунун аймагында. Ысык- Көлдүн түш. жээгинде (2 км), Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, Кажы-Сай өндүрүндө деңиз деңг. 1700 м бийикте жайгашкан. Шаарча жайгашкан өндүр кооз, ал жерден туристтик маршрут өтөт. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 17 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 115 км. Сөгөттү көмүр кенин казууда негизделген. Калкы 4,2 миң (2009); негизинен кыргыз, орус, о. эле казак, өзбек, уйгур, дуңган ж. б. жашайт. Борб. шахтасы (жерг. мааниге ээ), электр-тех. з-ду (күч берүүчү жарым өткөргүч өзгөргүчтөрдү, тиричиликке керектүү плиталарды ж. б. чыгарат) бар. Орто ж-а муз. мектеп, 2 мектепке чейинки балдар меке-
меси, клуб, 2 китепкана бар. Мед.-санит. мекемелер, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Келечекте курорт катары өнүктүрүлүп, эс алууга ылайыкташтырылган мекемелерди куруу пландаштырылууда. К.-С-га жакын жерден күрөң көмүр, айнектик кум ж-а жошо чыгат.