КАЖЫ-САЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЖЫ-САЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Ысык-Көл обл-ндагы Кажы-Сай шаарчасынын аймагында. 1948-ж. ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. 1997–98-ж. рекультивацияланган. Мында Жел уран кенин иштетип, пайдалуу металлды бөлүп алгандан калган уран тобундагы калдыктар сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 20–70 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 балл. Азыр тынч абалда, экол. кооптуулук туудурбайт; бирок жалпы экол. системаларга таасири бар.