КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ – IX–XII кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Ысык-Көлдүн түштүк та­рабындагы Кажы-Сай суусунун оң жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы, аянты 60Ч60 м. Сакталып калган дубалынын бийикт. 3 м, бурчтарында жана борборунда мунаралары болгон. Кажы-Сай кербен сарайынын чыгыш тарабынан 40–60 м өлчөмүндөгү тик бурчтуу курулуш улай салын­ган. Ал жапыз дубал менен курчалып, мал камоо үчүн пайдаланылган. Дубалы чийки кыштан ку­рулган. Кербен сарайдын 100дөн ашуун бөлмөсү болуп, казуу убагында чопо идиштер, жаргыл­чактар, бүлөөлөр, тамак-аш калдыктары табыл­ган. Эстеликти 1977–1979-жылдары археолог Д. Ф. Вин­ник изилдеген.